Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүн коопсуздук боюнча ачык диалогго чакырды

Бүгүн, 14-майда, өлкө башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын делегация башчыларын кабыл алып, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун маселелерин талкуулады. Жыйын учурда Бишкек шаарында өтүп жатат.
Садыр Жапаров өз сөзүндө ШКУ мамлекеттери туш болуп жаткан негизги көйгөйлөрдү белгилеп өттү. Алардын арасында геосаясий чыңалуунун күчөшү, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдарды камтыган трансулуттук коркунучтар бар. Ал Кыргызстандын эл аралык карама-каршылыктарды саясий-дипломатиялык жолдор менен чечүү позициясын билдирди.
Мамлекет башчысы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары маалымат алмашууну чыңдоону, терроризмди каржылоо каналдарына бөгөт коюуну жана кризистик кырдаалдарга чара көрүү механизмдерин өнүктүрүүнү атады. Ошондой эле ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) ишине баа берди.
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров катышуучуларды конструктивдүү жана ачык диалогго чакырып, 21-жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер ШКУ мейкиндигинде тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Ал эми делегация башчылары аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикирлерин айтышып, азыркы чакырыктарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана ШКУ алкагында өнөктөштүктү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Жолугушууга төмөнкү өлкөлөрдүн жана уюмдардын өкүлдөрү катышты:
- Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков;
- Беларустун Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик катчысы Александр Вольфович;
- Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетов;
- Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу;
- Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Юсуф Рахмон;
- Өзбекстандын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов;
- Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Капур Паван;
- Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери;
- Кытайдын коомдук коопсуздук министринин биринчи орун басары Ци Янь Цзюнь;
- Пакистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын министринин биринчи орун басары Сажид Балоч;
- ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев;
- ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитети
Бул жыйын ШКУнун коопсуздук тармагындагы 2026-жылдагы маанилүү иш-чараларынын бири болуп саналат.