Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштү
30.06.2022 | 16:16
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыргыз-тажик эки тараптуу мамилелеринин комплекстүү маселелери талкууланып, ошондой эле регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, өлкө лидерлери Борбордук Азия мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы консультативтик жолугушуусу темасына да токтолушту.
Мамлекет башчылары эки мамлекет жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом