Өлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэри
Садыр Жапаров Венгрияга иш сапар менен барат
18.08.2023 | 18:02
Президент Садыр Жапаров 20-августта Венгрияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалым болгондой, Жапаров Венгрияга премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен барат. Ал Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына (19-29-августта өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышат.
«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», – деп билдирди Азымбакиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом