Садыр Жапаров жаңы келген «Тигр» бронтехникасын айдап көрдү (ВИДЕО)

Садыр Жапаров жаңы келген «Тигр» бронтехникасын айдап көрдү (ВИДЕО)

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн алынган КАМАЗ жана заманбап «Тигр» зооттолгон унааларынын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  50 жаңы КАМАЗ жана 55 «Тигр» зооттолгон унаалар толугу менен республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен сатылып алынган. Өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы мындай масштабда жаңы аскердик техниканы сатып алуу биринчи жолу болду.

Мамлекет башчысы «Тигр» зооттолгон атайын унаасын борбордук «Ала-Тоо» аянтында айдап, анын техникалык өзгөчөлүктөрүн өзү сынады.

 

Президент Садыр Жапаровдун аземдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүнөн кийин борбордун эски аянтынан катарга тизилген аскерлердин колонналары жана зооттолгон жаңы унаалар өттү.

Жаңы техника өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн, чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн сатылып алынды жана УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.

УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге берилген техникалардын татаал жолдордон өтүү мүмкүнчүлүгү жогору жана климаты катаал шарттарда иштөөгө ыңгайланышкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>