Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Салык кызматы: Дыйкандар үч жылга салык төлөөдөн бошотулду
25.03.2022 | 17:05
Дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыкты төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, министрлер кабинетинин 11-марттагы токтомуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленди.
Чечим президенттин “Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана дем берүүнүн таасирдүү чараларынын бири болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика