Жапониядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Жапониядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин маалыматы боюнча, Жапонияда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн Кыргызстандын беш жараны үйлөрүнөн жакын жердеги баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды.

ТИМ жана Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Японияда жүргөн Кыргызстандын жарандары менен байланышта.

Зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылуулары зарыл.

Белгилей кетсек, 1-январда Япониянын батышында бир катар күчтүү жер титирөөлөр болду. Жалпысынан эки сааттын ичинде Исикава жана Ниигата префектураларында 30га жакын жер титирөө катталды, алардын эң күчтүүсү 7,6 баллга жеткен.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда, каза болгондо адамдардын саны 50гө жетти. Кеминде 110 имарат кыйрап, өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды.

Жапониядагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 30га жетти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>