Жапониядагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 30га жетти

Жапониядагы жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 30га жетти

Жапониянын Исикава префектурасында болгон бир катар жер титирөөлөрдөн жабыркагандардын саны 30га жеткенин NHK телеканалы жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди.

Каза болгондордун көбү Вадзима шаарында — 15 адам болгон. Буга чейин 24 адамдын өлүмү катталган. Жабыркагандардын саны ондоп саналат.  Мындан тышкары, адамдар урап калган имараттардын урандыларынын астында калышы мүмкүн.

Жаңы жыл күнү Япониянын батышында бир катар күчтүү жер титирөөлөр болду. Аларга «Ното жарым аралындагы жер титирөө» деген ат берилген. Жалпысынан эки сааттын ичинде Исикава жана Ниигата префектураларында 30га жакын жер титирөө катталды, алардын эң күчтүүсү 7,6 баллга жеткен.

Күчтүү жер титирөө Осака, Киото жана Токио шаарларында сезилди. Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, жер титирөө 1885-жылдан бери Ното жарым аралында болгон эң күчтүү жер титирөө болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>