Садыр Жапаров: Жээнбеков менен да Матриамов менен жолуккан жокмун

Садыр Жапаров: Жээнбеков менен да Матриамов менен жолуккан жокмун

Бүгүн, 7-октябрда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров соңку кырдаал боюнча маалымат жыйын берүүдө. 

Жыйындын жүрүшүндө ага  Райымбек Матраимов жана Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, сүйлөшүүгө барып жаткандыгы тууралуу кептер айтылып жаткандыгын билдирип журналисттер суроо узатты.

Ал айтылган кептерди четке кагып,  аты аталган адамдар менен жолукпагандыгын айтып жооп берди.

“Кудай алдында ачык айтам, мен Жээнбеков менен да Матриамов менен жолуккан жокмун, сүйлөшүүлөрдү жүргөн жок”, — деп жооп узатты Жапаров.

Мындан сырткары азыр айрым жаштар “эскилер кетсин, жаңы жүздөр келсин” деп талап кылып жатканы тууралуу суроо узатып ага Жапаровдун көз карашы кандай экендигин сурашты.

Буга Жапаров: “жаңылар келсин, эскилердин келишине мен каршымын” деп жооп берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>