Садыр Жапаров Жылуулук электр борборуна барды

Садыр Жапаров Жылуулук электр борборуна барды

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышууда. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ал тийиштүү кызматтарга тапшырма бергени айтылат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыдагы иш сапарын токтотуп, Бишкекке келип, ЖЭБте жыйын өткөрүп жатканы кабарланды.

Белгилей кетсек, ЖЭБде 2-февралда саат 03:00дор чамасында авария болду. Анда 5 кызматкер жабыркап, үчөөнүн абалы оор. Бишкекте ысык сууга чектөө киргизилди. Мектептер онлайн окууга которулуп, бала бакчалар жабылды.

Энергетика министрлигинин маалыматында, учурда ЖЭБте эки гана отказан иштеп жатат. Бир нече кичирайондордо жылуулук жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>