Арча-Бешик конушун сел каптады

Арча-Бешик конушун сел каптады

Бүгүн, 22-сентябрда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушун сел каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Манка Жар коктусунан агып түшкөн сел суусунун көлөмү коктудагы 2 сел тосмодон ашып түшүп, Арча-Бешик конушунун Азем, Жайыл-Батыр, Криваносов, Аймончок көчөлөрүнүн жана турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Алдын ала маалымат боюнча суу 80 үйдүн короосуна кирип, 8 үйдүн жер төлөсүн, ички жолдорду каптаган.

Буга ички чарбалык жолдордун өз убагында тазаланбашы да сел суусунун жолдорду, турак үйлөрдү каптоосуна алып келген.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусуповдун жетектөөсү астында 19 куткаруучу 5 мотопомпа (суу сордурууучу каражат) менен тазалоо ишин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, суу толуп калган каналдын нуктары ачылды. Ошондой эле Бишкек суу башкармалыгынан жана Тазалыктан 2 ассенизатор тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>