2023-жылдын ноябрында 20,2 миллиард сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 5 миллиард сомго көп. Акыркы 10 жылда салыктык жыйымдар 6 эсеге өстү.
Ноябрь айында топтолгон салыктын суммасы:
— 2009-жыл – 1,7 млрд сом;
— 2010-жыл. – 1,8 млрд сом;
— 2011-жыл – 2,7 млрд сом;
— 2012-жыл – 3,3 млрд сом;
— 2022-жыл. – 15,3 млрд сом;
— 2023-жыл – 20,2 млрд сом.
«Бул цифралар салык системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын салыктык башкаруунун сапатына оң таасирин тийгизгендигин көрсөтүп турат», — дейт Салык кызматы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз