Салык кызматы базардын ишкерлерин окутат
Салык кызматы борбор калаадагы базарлардын ишкерлери үчүн окутууларды өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Окутуу иш-чаралары борбор калаанын төмөнкү базарларында өткөрүлөт:
– 24-июнда саат 10:30да – “Аламүдүн” базарында;
– 24-июнда саат 15:00дө – “Мадина” базарында;
– 25-июнда саат 10:00дө – “Азиз” базарында;
– 25-июнда саат 14:00дө – “Кудайберген” базарында;
– 26-июнда саат 10:00дө -“Сары-Өзөн” базарында;
– 26-июнда саат 15:00дө – “Дордой-Дыйкан” базарында;
– 27-июнда саат 10:30да – “Оберон” базарында;
– 28-июнда саат 10:00дө – “Дордой” базарында, анын ичинде “Кербен”, “Алкан базары”, “Жунхай” жана “Де люкс” базарларында;
– 29-июнда саат 10:30да – “Баткен Комфорт” базарында;
– 29-июнда саат 15:00дө – Ош базарында.
Салыкчылар соодаргерди контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана “Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин” колдонууга үйрөтөт.
Окутуулар Ош жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында дагы өтөт.