Салык кызматын кызмат адамдары пара менен кармалышты

Салык кызматын кызмат адамдары пара менен кармалышты

Бишкектин Ленин жана Свердлов райондорундагы Салык кызматынын жогорку кызмат адамдары пара алып кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-мартта салык төлөөдөн баш тартууга жардамы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык кызматынын башчысынын орун басары К.У.К. жана Бишкек шаарынын Ленин району боюнча салык кызматынын инспектору У.А.А. кармалды.

“Такталгандай, аталган жогору кызмат адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жасалма документтерди колдонушуп, Кыргызстандан импорттолуучу элге керектелүүчү товарларга салыктык чегерүү алынып салынгандыгы аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>