Салык кызматында башкармалыктын жетекчиси Майрамбек Молдобеков каза болду

Салык кызматында башкармалыктын жетекчиси Майрамбек Молдобеков каза болду

Салык кызматында башкармалыктын жетекчиси Майрамбек Молдобеков көз жумду.  Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Майрамбек Молдобеков 52 жашында пневмониядан көз жумган. Ал Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Майрамбек Молдобеков 1968-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук институтун аяктаган. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунда лаборант болуп иштөөдөн баштаган.

1992-1993-жылдары Фрунзе тамеки фабрикасында контролер болуп, ал эми 1996-1999-жылдары КР ИИМ катарында кызмат өтөгөн. Андан кийинки эки жылда Бишкек шаардык Биринчи Май районунун калкты социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2001-2008-ж. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын көрктөндүрүү комбинатынын начальниги болгон.

2009-2012-жылдары Октябрь району боюнча салык органынын башчысынын орун басары, андан соң Ысык-Көл облусунун губернаторунун жардамчысы болуп бир жыл эмгектенген.

Каракол шаары (2012-2018), Жайыл району (2018), Свердлов району (2018-2019) боюнча салык органынын жетекчиси, салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары (2019) болгон.

2019-жылдан тартып Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги кызмат ордун ээлеген.

Майрамбек Молдобековдун артында бир кызы жана эки уулу калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>