logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Самаркандда кутурма итке кабылган 15 киши ооруканага жаткырылды

Самаркандда кутурма итке кабылган 15 киши ооруканага жаткырылды

Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы кутурмага кабылган ит 15 кишини, анын ичинде милиция кызматкерин тиштеп салганын кабарлады.

28-августта социалдык түйүндөрдө эки машина жолдогу итти тебелетүүгө аракет жасаган учуру тартылган видео тараган. Бул колдонуучулардын нааразылыгын жараткан. Бирок Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборуна таянуу менен ал кутурган ит экенин билдирген.

Ит тиштеген 15 киши ооруканага жаткырылган. Аларга кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлгөн. Иттин сөөгү ветеринария башкармалыгынын вирустук лабораториясына жөнөтүлдү.

Кутурма коркунучтуу, жугуштуу илдеттердин катарына кирет. Оору жаныбарлардан кишиге шилекей аркылуу жугат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>