Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Санкт-Петербургда 5-кабаттан кулаган кыргызстандык өспүрүм кыздын абалы оор
14.05.2021 | 14:23
Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Орусиядагы элчиликтин маалыматына ылайык, 11-майында 2010-жылы туулган И.М. аттуу кыргызстандык кыз Санкт-Петербургдагы көп кабаттуу үйдүн терезесинен шалаакылыктын айынан кулап кеткен.
Жабырлануучу жаракаттар жана көгөргөн жерлери менен кыз шаардык жогорку медициналык технологиялар жана көп профилдүү балдар клиникалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
“Кыздын абалы өтө оор. Жакынкы арада жабыркаган жерлерге операция жасоо пландаштырылууда, анын натыйжасында жасалма дем алдыруучу аппарат өчүрүлүп, кыз өз алдынча дем ала алат”, – деп кабарлашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар