“Айылдан чыккан миллионер” китебинин бет ачары өттү

 “Айылдан чыккан миллионер” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн, 14-декабрда Улуттук тарых музейде Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын жазуучулар союзунун, ошондой эле журналисттер союзунун мүчөсү Сауле Досжандын кыргыз тилине которулган “Айылдан чыккан миллионер” китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев, кыргыз элине белгилүү бир катар мамлекеттик, саясий ишмерлер, көрүнүктүү маданият жана адабият ишмерлери, китеп сүйүүчүлөр катышты.

«Казак жазуучусу Сауле Досжандын “Айылдан чыккан миллионер” китеби кыштактагы жөнөкөй баланын окуясы аркылуу илим-билимге умтулган, бизнес баштоого ниет кылган жаштарды шыктандырат жана аларга жол көрсөтөт дейт» аталган китепти кыргыз тилине которгон жазуучу, котормочу, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>