Саунада жүргөнү видеого тартылган милиция кызматкери иштен алынды

Саунада жүргөнү видеого тартылган милиция кызматкери иштен алынды

Кант шаарындагы саунда жүргөнү видеого тартылган милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 11-майда социалдык тармактарга белгисиз бөлмөдө формачан милиция кызматкери жана анын жанында жарым жылаңач кыздар отурганы тартылган видео тараган. Видеодо милиция кызматкери Кант шаарындагы сауналардын биринде жүргөнү айтылган.

Аталган окуядан кийин кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Териштирүү учурунда видеодогу формачан адам участкалык милиция кызматкери экендиги аныкталган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен видеодогу А.Д. аттуу милиция кызматкери кызматтан алынган.

«Андан тышкары, кызматкерлердин ишине тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн, Ысык-Ата райондук милициянын жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерге «катуу сөгүш», «сөгүш» тартиптик жазалары берилген (жалпы 8 кызматкерге тартиптик жаза берилген)», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>