«Эркечтамда» айдоочулардан акча чогулткандардын ишине бөгөт коюлду

«Эркечтамда» айдоочулардан акча чогулткандардын ишине бөгөт коюлду

Ош облусундагы «Эркечтам-унаа жол» көзөмөл-өткөрмө жайында жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогулткандардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Д» ЖЧКсы менен «А» АКсы Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, аталган бекет аркылуу тоскоолдуксуз жүк алып өтүүсү үчүн айдоочулардан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген. Алар кезекке тургузуу үчүн ар бир айдоочудан 1 миң сом жана контейнерлер менен жабдууларды жүктөө үчүн крандарды колдонуу үчүн 100 доллар өлчөмүндө акчаны мажбурлап алып турушкан.

«Коррупциялык схеманы жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жүк ташып өтүүнү көбөйтүүгө, жүк ташуу наркын төмөндөтүүгө жана жогоруда аталган субъекттер тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн монополиялык шарттарды жоюуга мүмкүндүк берди. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 млн сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда», — деп билдирет УКМК.

Учурда аталган эки уюмдун иши токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>