Йога үчүн аянтча, шахмат зонасы: Ататүрк паркы заманбап эс алуу аймагына айланат

14.05.2026 | 10:08

Бишкек шаарындагы Ататүрк паркы заманбап эс алуу жана спорт аянчасына айланат. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Азамат Кадыров билдирип, паркты көрктөндүрүү жана өнүктүрүү пландары менен бөлүштү.

Кадыровдун айтымында, парк аттракциондорсуз тынч эс алууга болот турган сейил бак болот. Долбоордун алкагында аймакка йога менен машыгуу үчүн аянтча, шахмат зонасы, воркаут аянтчалары курулат. Ошондой эле узундугу 3 чакырымды түзгөн веложолдор салынат.

Мындан тышкары, паркка кайтарылган 5 гектар жер тилкесинде көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул аймакта Ооган согушунун ардагерлерине арналган музей жана сейилдөө тилкеси жайгашат.

Ошондой эле мэрдин орун басары парктагы бак-дарактардын абалына талдоо жүргүзүлгөнүн, анда жалпы 14 миң көчөттүн 192 куурап калганы аныкталганын билдирди.

Мындан тышкары сейил бактагы «Бермет» кафеси бекитилген дизайн-кодго ылайык реконструкцияланат. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында парктын айланасына, жарык берүүчү мамыларга жана кесилиштерге видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Scroll to Top