Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Съездбек Искеналиев “Кыргыз ааламы” чыгармасынын анимациялык клибинин бет ачарын өткөрдү
11.07.2019 | 10:11
Кечээ, 10-июлда ырчы Съездбек Искеналиев “Кыргыз ааламы” чыгармасына тартылган анимациялык клибинин бет ачарын өткөрдү. Бет ачар аземге Искеналиевдин сахналаш достору ырчылар Нэна, Курал Чокоев, Акбар Сүйүнбаев, акриса Альбина Имашова жана башкалар келишти.
Алгач Альбина Имашова Съезбек Искеналиевдин ыры кыргызга дух бере турганын айтып, арча түтөтүп, келген конокторго чачыла чачты.
Искеналиев чыгарманы даярдап, эл алдына алып чыгууга 3 жыл убакыт кеткенин айтты.
“Ырга өзгөчөлүк киргизүүнү кааладым. Ошол себептен анимациялык кылууну чечтим. Клипти даярдоого 4 айдай убакыт кетти. Эми чыгармамды эл алдына койдум. Эл баа берет”, – дейт ырчы.
“Кыргыз ааламы” чыгармасынын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Съездбек Искеналиевге таандык.


Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы