Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Чүй ОИИБ: Восточное айылындагы жаңжал суу талаштын айынын чыккан
11.07.2019 | 10:23
Восточное айылындагы жергиликтүүлөрдүн мушташы суу талаштын айынан келип чыккан. Чүй облустук милициясынан билдиргендей, муну улут аралык жаңжал деп атоого негиз жок.
Мушташ тууралуу билдирүү аймактык милициянын нөөмөт бөлүмүнө 10-июлда саат 11:05тер чамасында келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам топ, жаңжалдын турмуштук жагдайлардан улам келип чыкканын аныкташкан. Мушташтын кесепетинен 3 киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Бейбашчылык” беренеси менен каттоого алынып, кылмыш ишке 2 адам шектелип жатат. Алардын бири ооруканага жаткырылса бири убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар