Жээнбековдун Швейцарияга болгон иш сапарында беш документке кол коюлду (тизме)

Жээнбековдун Швейцарияга болгон иш сапарында беш документке кол коюлду (тизме)

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча кечээ,10-июлда 5 документке кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Швейцария өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу аракеттенген Кыргыз Республикасы менен SECO экономика боюнча мамлекеттик катчылык аркылуу аракеттенген Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— «Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

— Суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>