Шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында 77 кишиден инфекция аныкталды

Шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында 77 кишиден инфекция аныкталды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 66 кишиден пневмония, 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, улуттук борбордун өкүлдөрү Бишкекеги жана Чүй облусундагы убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыкканда дарт бар экени белгилүү болгон.

Билдирүүгө таянсак, бардык убактылуу кармоочу жайларында медицина кызматкеринин штаты жок. Шаардык милициядагы жалгыз фельдшер өзү да пневмония жугузуп алган. Пандемияда компенсация алган эмес.

Ошондой эле жабык жайларда кармалгандарга катаал мамиле жасалып, жуунганга суу да берилбей, айрымдар кыйноого кабылып жатканы айтылат.

Ал эми Жайыл райондук милициясында кармалгандарга бир күндө бир маал тамак берилип жатканын сынга алышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>