Шаардык сот Ашыралиевди өмүр бою абакка кесүү чечимин күчүндө калтырды (видео)

Шаардык сот Ашыралиевди өмүр бою абакка кесүү чечимин күчүндө калтырды (видео)

Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырды.

Белгилүү болгондой былтыр ноябрь айында Октябрь райондук сот Ашыралиевди өмүр бою абакка кескен. Айыпталуучунун жактоочусу аталган өкүм боюнча шаардык сотко апелляция менен кайрылган.

Шаардык сот апелляцияны карап чыгып, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда Алтынай Канзаманова жана анын 2005-жылы туулган кызы менен 2014-жылы туулган баласы киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>