Шайлдабекова: Добуш сатып алуу боюнча 9 учур катталды

Шайлдабекова: Добуш сатып алуу боюнча 9 учур катталды

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу боюнча 31 маалымат түшкөн. Бул тууралуу координациялык кеңештин жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Шайлоочунун укугун бузуу – 1, сатып алуу – 9, административдик ресурс колдонуу – 8, коркутуу жана кысым көрсөтүү – 1, талапкер тарабынан жалган маалымат таратуу боюнча – 1, үгүттөөнүн эрежесин бузуу – 3, шайлоо кампаниясын каржылоо маселесин бузуу – 3, жана башка – 6″, — деди Шайлдабекова.

Анын айтымында, 13 маалымат каттоо журналына катталып, экөө боюнча текшерүү жүрүп жатат. Келип түшкөн 12 маалымат боюнча фактылар далилденген эмес.

«Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталган, алар боюнча тергөө жүрүүдө. Анын ичинен 2 факт Аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) өткөрүлүп берилди, ошондой эле АШК тарабынан 2 факты боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”, — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>