Шайлоо мезгилинде партиялар 668.6 млн сом коротушкан

Шайлоо мезгилинде партиялар 668.6 млн сом коротушкан

Саясий партиялардан жалпысынан шайлоо фондуна 668 млн 864 миң 906 сом келип түшкөн. Анын ичинен 668 млн 779 сом коротулган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттардын көпчүлүгү төмөнкү партиялардан келип түшкөн:

«Мекеним Кыргызстан» — 142 млн 522 миң сом;

«Кыргызстан» — 123 млн 919 миң сом;

«Биримдик» — 104 млн 664 миң сом.

 Шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн 521 миллион 794 миң сом сарпталган, анын ичинен 80 миллион сом (15,3%) шайлоо күрөөсүн төлөө үчүн төлөнгөн. Партиялар каражаттын басымдуу бөлүгүн шайлоого чейинки үгүт иштерине — 384 млн 839 миң сом (жалпы чыгымдын 73.7%) жумшашкан.

Анын ичинен: телерадиоберүүгө — 150 млн 81 миң сом (23.8%);

мезгилдүү басылмалардын жана интернет басылмалардын редакцияларга — 108 миллион 861 миң сом (20,9%).

Эске сала кетсек, шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>