Шайлоо: Мыйзам бузуу боюнча жарандар call-борборго кайрыла алат

Шайлоо:  Мыйзам бузуу боюнча жарандар call-борборго кайрыла алат

Өкмөттө 10-11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү маселеси боюнча call-борбор иш алып барат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эки күн, 10 жана 11-апрелде эртең мененки саат 07:30 дан тартып иш алып барат.

Белгилей кетсек, Республикалык штабдын милдеттеринин бирине шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле шайлоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо маселесин түшүндүрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер кирет.

Сall-борбордун иштөө учурунда ар бир шайлоочу «түз байланышка» чыгып, электр энергиясынын, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык нормаларга ылайык эрежелердин сакталбай жаткандыгы тууралуу жана башка маселелер боюнча кайрыла алышат.

«Түз байланыш» телефондору:

(0312) 66-28-46, 66-40-13 (факс), 96-03-38, 96-02-87

Эскерте кетсек көрсөтүлгөн номурларга телефон чалуулар «Кыргызтелеком» ААК Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан – акысыз түрдө, ал эми аймактардан жана уюлдук байланыш операторлорунан бекитилген тарифтерге ылайык саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>