Бишкектин 9-кичи районунун бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКытай жана Тажикстан менен чектеш чек арадан сертификаты жок жашылчалар жана көчөттөр артка кайтарылуудаКыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды«Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга». Астроном Сурдин — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат тууралууБишкектеги ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: эмнелер жабылат жана кантип жол жүрүүгө болотЖК депутаты Казакстандагы Курултай депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүдө
Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши козголду
24.09.2020 | 15:37
Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24- сентябрдагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Дюшембиев билдирди.
Анын айтымында мындан сырткары жоруктар беренелери менен дагы 46 иш өндүрүшкө алынган.
“Шайлоого байланыштуу баш аягы 128 иш козголду. Алардын 82си кылмыш иши, дагы 46 иш жоруктар боюнча иш козголгон. Алардын арасында массалык баш аламандык уюштуруудан тартып, добуш сатып алуу фактылары да бар”, – деди Дюшембиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 16 саясий партия ат салышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар