Шакиев: 150 туу демөөрчүлөрдүн эсебинен алмаштырылат

Шакиев: 150 туу демөөрчүлөрдүн эсебинен алмаштырылат

Мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизилсе республикалык бюджеттен акча коротулбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоор кабыл алынып калса жалпысынан 150 желекти жаңылоо керек болот.

«32 өлкөдө Кыргызстандын элчиги бар. Ошол мамлекеттердеги, БУУдагы, мамлекеттик мекемелердеги туу алмаштырылат. Ага бюджеттен акча коротулбайт. Демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланат», — деди төрага.

Нурланбек Шакиев демөөрчүлөрдүн атын атабай, мекенчил адамдар катары гана сыпаттады.

«Азыркы паспорт менен эле чет өлкөгө чыгып жүрө беришет. Ага дүйнөлүк практикада эч кандай тоскоолдук учурлар кездешкен эмес», — дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын желек түшүрүлгөн төш белгиси дагы алмаштырылбайт.

Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүү сунушун президент менен чогуу кабыл алышканын айтты.

«Өлкө башчысы чет өлкөгө чыкканда «силердин өлкөдө күн караманын орду канчалык?», «силер күн караманын өлкөсүсүңөрбү?» деген суроолор көп берилет экен», — дейт ал.

Кыргызсандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков мамлекеттик туунун авторлору болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>