Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат
Видео: Шакиев аты-жөнү кыргызча туура жазылбагандарды сындады
24.05.2023 | 12:33
Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев аты-жөнү кыргызча туура жазылбагандарды сынга алды.
Жыйында “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда карала баштаган. Мыйзам долбоору боюнча жыйынга Экономика, Коргоо, Санариптик өнүктүрүү жана башка министрликтердин, Мамлекеттик тил комиссиясынын, Курулуш агенттигинин өкүлдөрү жана башкалар чакырылган. Шакиев алардын аттарын окуп жатып, аты-жөнү кыргызча туура эмес жазылгандарды катуу сындап, аттарын кыргызча тууралап жазууга чакырды.
“Урматтуу чакырылгандар, сиздерге кеңеш иретинде айтып коеюн. Кыргыздын фамилиясы, ата-тегиңиздердин аттарына сый мамиле кылсаңыздар, кордобосоңуздар”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом