Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Олимп ондарыные Азия чөлкөмүндөгү жолдомо ойнотулучу мелдешине катышат.
Токио Олимп оюндарына жолдомо Алмата шаарында 9-11-апрел күндөрү өтөт. Анда олимпиадалык салмакта 5 балбан күч сынашат.
Ал эми Олимп оюндарына жолдомо утуу үчүн балбандар финалга чыгышы керек.
Учурда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасында Атабек Азисбековдо гана Олимп оюндарына жолдомо бар.
Жолдомо үчүн күрөшө турган балбандардын тизмеги:
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг килограммга чейин;
Марлен Асикеев — 67 килограммга чейин;
Акжол Махмудов — 77 килограммга чейин;
Узур Джузупбеков — 97 килограммга чейин;
Роман Ким — 130 килограммга чейин.