Шавкат Мирзиеев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Шавкат Мирзиеев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчыларынын басма сөз кызматы билдирди.

«Акыркы жылдары биргелешкен күч-аракеттерибиз менен биздин эки өлкөнүн жана эки элдин ортосундагы боордоштук, достук жана жакшы коңшулук мамилени мындан дагы бекемдөөгө жетиштик. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түзүлгөн жана жигердүү өнүгүп жаткан стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы эки өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн бекемделе берерине күмөнүм жок», — деп айтылат Өзбекстан президентинин куттуктоо телегаммасында

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, береке жана бакубатчылык каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>