Шорта кийип, көлдө жатканыңарды көрбөйүн, — Ташиев чиновниктерге

Шорта кийип, көлдө жатканыңарды көрбөйүн, — Ташиев чиновниктерге

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында чиновниктерге кайрылып, алар эс албай иштеши керектигин эскертти. Болбосо, чиновниктерге чара көрөрүн айтты.

«Чиновниктер, айрыкча министрлер, урматтуу министрлер көп иштешибиз керек. «Эл эс алып жатат, мен да эс алам» дегенди токтотуу зарыл. Биз көп иштешибиз керек. Бизде эс алуу деген болбошу кажет. Ысык-Көлдө шорта кийип алып, күнгө кактанып жаткан бир да министр болбошу керек! Эсиңерге алгыла, урматтуу министрлер. Бир да министрдин шорта кийип, күнгө кактанып жатканын көрбөйүн! Мен буга катуу чара көрөм. Үйүңөрдө эс алгыла, иштегиле. Министр болуп келгенден кийин иштегиле. Бизде эмгек өргүү деген болбойт», — дейт ал.

Сөзүн улай ал министрлер жумушка эрте келиши керектигин айтып, өзүн мисал келтирип, бүгүн таңдан бери жумушта экенин белгиледи.

«Мисалы менен бүгүн эртең мененки саат 05:00дон бери жумуштамын. Министрлер жумуш саат саат 08:30-09:00до башталат деп келесиңер, андай болбошу керек. Министрлердин баары саат 06:00до жумушта болушуңуздар кажет. Жарандар саат 08:00до жумушка жөнөгөндө, силер да чыгып, тыгын жаратпай эртең менен саат 06:00-06:30 жумушта болушуңуздар абзел. Урматтуу кесиптештер, бул биздин элге көрсөткөн үлгүбүз болот. Силерди көрүп, кызматкерлериңер да жумушка эрте келет, иштегенге аракет кылышат», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>