“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын директору кармалды

“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын директору кармалды

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,  “Орловка ишканасынын” “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына откананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды жогоруда аталган ишкананын директору Э.К. тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталган.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке материалдык баюу максатында аталган ишкананын директору Э.Т.  жалпы суммасы 4 миллион 900 миң сом болгон оңдоо иштери боюнча жасалма келишим түзгөндүгү аныкталган. Иликтөөнүн алкагында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн оңдоп-түзөө иштери  жасалган эмес, ал эми каражаттар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекеттик ишкананын директоруна өткөрүлүп берилген. Директор 19-июлда кармалып,  УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалымат кызматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>