Шри-Ланка: Президенттин үйүн басып алган митингчилер 17 млн рупий табышты (видео)

Шри-Ланка: Президенттин үйүн басып алган митингчилер 17 млн рупий табышты (видео)

Шри-Ланкада нааразылык акциясына чыккандар президент Готабая Раджапаксанын үйүн басып алышты.  Бул тууралуу Euronews жазды.

Митингчилер полициянын тосмосун жарып өтүп, президенттин сарайына чейин кирип барышкан. Мамлекет башчы эвакуацияланган. Митингчилер президенттин үйүнөн акча салынган баштыктарды табышкан. Аларды санап, үйдө 17,8 млн рупий (224 131 млн доллар) катылганын аныкташкан. GotaGoGama кыймылы митингчилер полициянын башчысына бул каражаттарды өткөрүп беришкендигин маалымдаган.

Нааразы болгондор буга чейин премьер-министрдин резиденциясын алышып, алар отставкага кетмейинче, ал жактан кетпей тургандыгын билдиришкен. Митингчилер бөлмөлөргө жайгашып, бассейнге түшүп,  орун алышкан. Ал эми күзөт кызматы кийлигише алган эмес.

Премьер-министр Ранил Викремесингхе жаңы өкмөт түзүлөрү менен отставкага кете тургандыгын билдирген болчу. Ал эми парламенттин төрагасы президент Раджапакса шаршемби күнү отставкага кете тургандыгын маалымдаган.

“Биз чыныгы эркиндикке жеткендигибизди көрүп кубанып турам. Бул премьер-министр жана президент эчак эле отставкага кетиши керек болчу. Бирок, алар каршылык көрсөтүп келишти, эл күрөшүүдө. Биз 90% жеңдик деп ойлойм, эми 100% жеңишке жетишибизди күтөбүз”, — дейт митингчилердин бири.

Шри-Ланка көз карандысыздыкка жетишкен 1948-жылдан берки эң оор экономикалык кризисти баштан кечирип жатат. Коронавирус пандемиясы туристтик секторун алсыратып, негизги киреше булагына сокку урган. Өлкөдө азык-түлүк, эң зарыл буюмдар, медикамент жана газ тартыш болууда. Күйүүчү майдын жетишсиздигинен көпчүлүк райондорунда электр энергиясы тынымсыз өчүп жатат. Ал арада мамлекеттин тышкы карызы 51 миллиард долларга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Шри-Ланка

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>