Чүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркадыАт майдан, арена жана Кырчын: Адылбек Касымалиев ДКӨгө даярдыкты текшерди — сүрөтӨКМ: Бишкектин борборундагы курулушта чыккан өрт өчүрүлдү — жабыркагандар жокБишкектеги «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун курулушу аяктап калдыБишкектин борборунда курулуп жаткан имараттан өрт чыкты — видеоИндонезиядагы жер титирөө: каза болгондордун саны 20га жетти
Швецияда курорттук айыл сатыкка коюлду
29.05.2020 | 18:59
Шивециянын борбору Стокгольмдон алыс эмес жерде “SPA-айылы” сатыкка коюлду. Бул тууралуу CNBC жазып чыкты.
Сактыкка коюлган кыймылсыз мүлктөрдүн баасы 7 миллион долларга бааланып, аны чет өлкөлүктөр дагы сатып алса болору айтылган.
Айылдын аянты 24 га түзөт, жанынан дагы кошумча 34 га жер берилген.
Тарыхы 1700-жылдарга барып такалган бул Сатра Брунн аймагында Швециядагы белгилүү 7 булактын бири жайгашкан.
1700-жылы Сэмюэль Скрагге атту доктор Сатра Брунндан булак таап алган. Ал аталган жерди сатып алып, үйлөрдү жана оорукана курган. Убакыттын өтүшү менен айыл дарылоо курортуна айланып, жергиликтүү ак сөөктөрдү өзүнө тарта баштаган.
Кийинчерек жер жергиликтүү ишкерлерге өтүп кеткен да “SPA-айылы” деген курортко айланган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар