Швейцария Кыргызстан менен кызматташат

Швейцария Кыргызстан менен кызматташат

Бүгүн, 2-августта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер мырза менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда «Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору талкууланды, анын максаты жумушсуз жаштарды эмгек рыногунда талашка түшкөн кесиптер боюнча кыска мөөнөттүү квалификацияны жогорулатуу курстарынын жана аларды өлкө ичинде андан ары ишке орноштуруу системасын түзүү болуп саналат. Долбоор 12 жылга эсептелген, биринчи этабын ишке ашыруу үстүбүздөгү жылдын аягына чейин башталууга тийиш.

«2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында мамлекет башчысы алган көндүмдөрдүн жана жумуш берүүчүлөр койгон талаптардын дал келбестигин жоюу милдетин койгон. Кыска мөөнөттө жумушсуз жаштарга, биринчи кезекте айыл жергесиндеги жаштарга квалификациялуу көндүмдөрдү алуу жана кайра квалификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн берүү маанилүү.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда ишке киргизилип жаткан жумуштуулуктун жаңы механизмдери жөнүндө маалымдады.

«Бүгүн президент С.Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстанда жакырчылыкты жоюунун жаңы модели – БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан дүйнөдөгү эң натыйжалуу деп таанылган социалдык контракт ишке ашырылууда. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр дээрлик 13 миң бизнес-долбоорду ишке ашырышкан, мында социалдык келишим түзгөндөрдүн 95%ы аялдар. Бул долбоорлор 26 миңден ашык жумуш орундарын түзүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берди», — деп белгиледи ал.

Бул жолугушуунун жана ачык диалогдун жыйынтыктары боюнча тараптар биздин өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу үчүн талкууланган жана башка өз ара пайдалуу маселелерди иштеп чыгууга даяр.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>