Жаш кыргызстандыктар талап кылынган санариптик кесиптерди өздөштүрүүдө

Жаш кыргызстандыктар талап кылынган санариптик кесиптерди өздөштүрүүдө

Бишкекте 28-июлда Ololo Planet-те өткөн Креативдүү кесиптер Академиясынын кесиптик чеберчилик программасы боюнча дипломдорду тапшыруу аземинде, өлкөнүн бардык аймактарынан келген 14 жаш кыргызстандык графикалык дизайн жана контент менеджмент боюнча долбоорлорун сунушташты. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жеке компаниялардын эксперттеринен жана Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу долбоорлорго баа беришти.

«2022-жылдан 2023-жылга чейин үч жүзгө жакын студент акысыз, үч айлык онлайн курстар аркылуу графикалык дизайн жана контент менеджмент боюнча билим алышты. Санариптик көндүмдөрдү үйрөнүүдөн тышкары, студенттер иш портфолиосун түзүү, резюме түзүү жана жумуш интервьюларына даярдануу боюнча билим алышты. Курстук ишти ийгиликтүү аяктаган катышуучулар сертификаттарды алышты жана Академия алардын иш портфолиолорун жайылтууга жардам берди. Дипломдорду тапшыруу аземинде алдыңкы 14 бүтүрүүчү калыстар тобуна финалдык долбоорлорун сунушташты», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагында «New Age» коомдук фондунун башчысы Аскар Турдугуловдун жана “Tart Creative” дизайн-студиясынын негиздөөчүсү Михаил Ефименконун жетекчилиги астында мастер-класстар өткөрүлдү.

«Креативдүү кесиптер Академиясы», Кыргызстандагы жаштардын жумушка орношуудагы тоскоолдуктарды жоюуга жана интернетте ийгиликтүү жана өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк берүүчү кесиптик көндүмдөргө үйрөтөт.

Программа 2020-жылы башталгандан тартып, 1300дөн ашуун студент графикалык дизайн, веб-иштеп чыгуу, санариптик маркетинг, видео өндүрүү жана контент менеджмент боюнча тренингдерден өтүштү. Программанын бүтүрүүчүлөрү жаңы жумуш табышты, стаж иштерин  өтүштү жана алган билимдеринин натыйжасында кирешелерин көбөйтүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>