Сириядагы согушка катышкан жарандын үйүнөн ок-дары табылды

Сириядагы согушка катышкан жарандын үйүнөн ок-дары табылды

Эл аралык террордук уюмдун катарында Сириядагы согушка катышкан Ош облусунун тургуну ок-дарыларды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шектүү катары кармалган 29 жаштагы Т.С. 2017-жылы Түркия аркылуу Сирияга барып, эл аралык террордук уюмдун катарында куралдуу жаңжалга катышкан. Кийин ал Сириядан Түркияга кеткен кезде, кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстанда ал Кылмыш-жаза кодексинин 226, 375-беренелери боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.

«Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген  түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5,45 калибрдеги ок,  аскер кийими, күрөк, 2 бычак, 1 уюлдук телефон, флешка, 2 диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>