Аксы райондук архив кызматынын жаңы имараты ачылды

Аксы райондук архив кызматынын жаңы имараты ачылды

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 26-июлда Аксы райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов, СӨМдин алдындагы Архив кызматынын төрагасынын орун басары Асхат Назаралиев, жана аталган кызматтын, райондун жетекчилигинин башка өкүлдөрү катышты.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы Максат Женбековдун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин облустук мамлекеттик архив көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында жайгашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>