Бишкекте кыргыз тилдүү мектептер көбөйтүлөт

Бишкекте кыргыз тилдүү мектептер көбөйтүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында кыргыз тилдүү мектептердин саны көбөйтүлөт. Мындай маалымат 25-июлда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында айтылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилген.

«2021-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарын, тайпаларын ачуу жөнүндө №16 сандуу буйругун чыгарган», — деп жазылат маалыматта.

Борбор калаада жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>