Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Сириядан мекенине 21 аял жана 62 бала кайтарылды
22.10.2023 | 13:45
Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерлерден Кыргызстандын жарандары – 21 аял жана 62 бала мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Алар Кыргызстанга бүгүн, 22-октябрда алынып келген. Министрлик кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу ишинде көмөк көрсөткөн АКШнын өкмөтүнө, ЮНИСЕФ уюмуна жана Эл аралык Кызыл крест комитетине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы тургундарга дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом