Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын жогорулатууну сунуштоодо

Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын жогорулатууну сунуштоодо

Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда ведомствонун башчысынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

«Дүйнө калкы жашарып баратат. Биз пенсия берүүдө жаш курактарын көтөрүүнү сунуш кылбайбыз, бирок аялдар менен эркектердин жашын теңелсе болмок. Мисалы, Европада гендердик айырма жок, бардыгы бирдей жашта — 65 жаш. Пенсионерлерибиздин 70 пайызга жакыны аялдар. Азыр Казакстан менен Орусия аялдар менен эркектердин пенсия курагын теңдештирүү багытында.  Жаштардын ортосундагы айырманы минималдаштырууну сунуштайбыз. Мисалы, аялдар 58 жашта, эркектер 63 жашта чыгышса, 60 жаштан 63 жаштан чыгууну сунуштайбыз”, — деди.

Бул өзгөрүүлөр сунуш, мыйзам долбоору эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>