«Социалдык келишим» боюнча бериле турган акчанын суммасы өзгөрбөйт

«Социалдык келишим» боюнча бериле турган акчанын суммасы өзгөрбөйт

Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында берилген акчанын суммасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, «Социалдык келишим» долбоору ишке киргизилген жылы — 2022-жылы өлкө боюнча 2 миң 800 жакыр жана аз камыз үй-бүлөгө мамлекет тарабынан өз ишкерлигин жүргүзүү үчүн 100 миң сомдон акча берилген. Алардын 99,6%ы ишин ийгиликтүү жүргүзгөндүктөн, 2023-жылы 10 миң жакыр жана аз камсыз үй-бүлө менен социалдык келишим түзүү пландалган. Министрлик белгилегендей, акча алган жарандар ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзүүдө.

Учурда министрлер кабинети 2024-жылы 20 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү көздөп жатат. Бирок социалдык келишимдин алкагында бериле турган 100 миң сом акчанын суммасы өзгөрбөйт.

Ошол эле учурда социалдык келишим боюнча 100 миң сом алып, ишин ийгиликтүү жүргүзүп, салык төлөп жаткан жарандарга ишкерлигин өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомдон пайызсыз кайтарымдуу насыя берүү пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>