ИИМдин делегациясы Сеулдун коопсуз шаар тутуму менен таанышты

ИИМдин делегациясы Сеулдун коопсуз шаар тутуму менен таанышты

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов баштаган Кыргызстандын ИИМинин делегациясы Кореянын Сеул шаарынын коопсуз шаар тутуму менен таанышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, ИИМдин делегациясы Коряега Эл аралык полиция саммитине катышууга барган. Сапардын алкагында ИИМдин делгация Сеул шаарынын полициясына барып, жолугушуу өткөргөн. Анын жүрүшүндө кызматташууну чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана биргеликте коопсуздукту күчөтүү маселелери талкууланган.

«Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен келген өкүлдөргө брифинг өткөрүлүп, Сеул шаарынын коопсуз шаар тутуму тааныштырылды. Ошондой эле Сеул шаардык полициясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, санариптештирүү алкагында иштердин жүрүүсүн, «112» кызматынын иштеши, унаа көзөмөлдөө борборунун ишмердүүлүктөрү менен таанышышты», — деп билдирет министрлик.

ИИМдин делегациясы Кореядагы полиция саммитине катышууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>