УКМК дагы бир сотту кармады

УКМК дагы бир сотту кармады

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судяьсы Акылбек Адимов кармалды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Маалыматка караганда, Адимов УКМК тарабынан кармалган. Анын бөгөт чарасы 20-октябрда каралып, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча ал 17-декабрга чейин камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып жазгандай, Адимов пара алууга шектелип кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, Адимов баңгизат сатууга айыпталган жарандан 1,2 миң доллар алып, эркиндиктен ажыратуу жазасынан бошоткон деп шектелүүдө. Сот «баңгизат сатуу» беренесин «баңгизат сактоо» беренесине өзгөртүп, айыпталуучуга 1 жылдык пробация белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек шаардык соттун судьясы Назгүл Илиязова, кийинчерээк Ленин райондук соттун судьясы Нурлан Кенжебаевди опузалап пара алууга шектеп кармаган.

УКМК райондук сот Кенжебаевди, анын жээнин жана жакын досун кармады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>