Тогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздү
Сокулук жана Аламүдүн райондоруна жаңы акимдер дайындалды
07.03.2023 | 17:27
Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондоруна жаңы акимдер дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Ташкулов Илияз Акжигитович Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мурадин Тешебаев Акжигитович Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.
Буга чейин президент Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом