Сокулукта аёосуз сабалган Егор эжеси менен чоң энесинин кароосуна убактылуу өткөрүлдү

Сокулукта аёосуз сабалган Егор эжеси менен чоң энесинин кароосуна убактылуу өткөрүлдү

Зордук-зомбулуктан жапа чеккен эки жашар Егордун мындан аркы жашоо-турмушун аныктоо үчүн Сокулук районунун Балдар иштери боюнча комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Балдар иштери боюнча комиссия баланын жана анын үй-бүлөсүнүн абалына талдоо жүргүзүүнүн негизинде Егордун ата-энесинин жана чоң энесинин пикирин угуп, ата-энелик укуктарды чектөө жана балдарды өткөрүп берүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алган ( Егор жана анын 4 жаштагы эжеси) чоң энеси Натальяга (ата-энеси) убактылуу камкордукка алынган.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду өнөктөштөрү менен биргеликте Егорду зордук-зомбулуктан коргоо боюнча юридикалык жардам көрсөтөт, ошондой эле анын чоң энеси жана балдары үчүн бардык зарыл болгон мөөнөткө турак-жайды ижарага берүүгө көмөктөшөт.

3-февралда Сокулук аймактык ооруканасына 2020-жылы туулган бала денесинен алган жаракаты менен түшкөн. Кийинчерээк 1987-жылы туулган Александр Самаркин ден соолукка зыян келтирген деген шек менен кармалганы белгилүү болгон.

Сокулукта сабалган ымыркай ооруканага жаткырылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>