Сокулукта мас абалдагы эки адамдын чыры өлүм менен аяктады

Сокулукта мас абалдагы эки адамдын чыры өлүм менен аяктады

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 8-декабрында саат 21:00 чамасында Сокулук районунун Жал айылындагы үйлөрдүн биринде 1973-жылы туулган А.З. жана 1983-жылы туулган Ч.Ж., аттуу жарандар спирт ичимдигин ичип отуруп, алардын ортосунда уруш чыккан.  Натыйжада, экини жаран А.З.нын денесине залал келтирип, ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Аталган факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122 (адам өлтүрүү) — беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелип, 1983-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>